02.07.2019 22:52

Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылды

Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылды

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү: аялы, уулу, небереси жана айдоочусу болуп, 30-июнь күнү Суусамырга кеткен бойдон дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Алар түшкөн унаанын сууга чөгүп кеткенин көргөндөр бар экени айтылган. 

ӨКМ тараткан маалыматка караганда, бүгүн, 2-июлда саат 17:20да Жумгал районунун Арал айылынын тушунан Көкөмерен суусунан куткаруучулар  1 эркек кишинин (айдоочу) жансыз денесин таап чыгышты. Саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыктан Молдакун Абдылдаевдин өзүнүн сөөгү табылды.

«Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулду. КР ӨКМдин куткаруучулары Кожомкул айылындагы штабда тигилген чатырларда түнөп калышат. 3-июль күнү издөө иштери улантылат», -деп айтылат маалыматта.